24.kg
09:36, 07 июня 2021, 24.kg

Оренбургда Кыргызстандан барган 230 литр кымыз жок кылынды

Оренбург облусунда чек арачылар кычкыл сүт азыгы — кымызды кармашты. Бул тууралуу Россиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы билдирди.

Ветеринардык текшерүүнүн жүрүшүндө Оренбург облусу боюнча Россия ветфиткөзөмөл кызмат башкармалыгынын адистери 230 литр өлчөмүндөгү кымыз Кыргызстандан ветеринардык коштомо документтерсиз алынып келингендигин аныкташкан.

Жыйынтыгында кармалган кымыз азыгы жок кылынган. Жүк ташуучулар административдик жоопкерчиликке тартылды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18