24.kg
12:43, 04 июня 2021, 24.kg

Темирболот Асаналиев: Чон-Алайдагы кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

Чон-Алайдагы кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу 24.kg аким Темирболот Асаналиев билдирди.

Анын айтымында, учурда сүйлөшүү жүрүп жатат.

«Элди көчүрүп чыгарган жокпуз. Абал тынч», — дейт ал.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Кыргызстанда тарапта кошумча аскердик күчтөр тартылганы байкалбайт.

4-июнь түнү Тажикстан буга чейин түзүлгөн келишимди бузуп, Чоң-Алай районунун Унжу Булак аймагына кирип келип, контейнер орнотушту. УКМКнын айтымында, чек арага тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18