24.kg
09:33, 04 июня 2021, 24.kg

Чоң-Алайда кыргыз-тажик чек арасында абал чыңалууда

Кыргыз-тажик чек арасынын Чоң-Алай районундагы аймагында абал чыңалууда. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ түнү тажик аскерлери чек араны бузуп, 1000 метрге кирип келишкен. Алар ал жерге контейнер орнотуп, кайра 600 метрге артка кетишкен.

«Кыргыз тарап абалды жөнгө салуу үчүн күч-аракетин жумшап, Тажикстандын расмий өкүлдөрүнө кайрылууда. Бирок Тажикстандын расмий адамдары телефон чалууларга жооп бербей жатат», — деп билдирди Чек ара кызматынын басма сөз кызматы.

УКМКнын айтымында, чек арага тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18