24.kg
09:04, 04 июня 2021, 24.kg

«Өзбекстанда сөз эркиндиги өлгөн». Effect.uz сайтынын кабарчысынын кайрылуусу

Өзбекстандагы көз карандысыз Effect.uz басылмасынын кабарчысы Эльёрбек Тажибаев өлкөдөгү журналисттер менен блогерлерге кайрылып, алардын профессионалдык ишмердүүлүгүнө коркунуч болуп жатканын эскертти.

2-июнда YouTube сайтына жарыяланган видеокайрылууда журналист ага «Термез райондук сотунун төрагасы менен жолугууга аракет кылганы үчүн гана» кылмыш иши козголгонун айткан.

«Мен бардык журналисттерди жана блогерлерди сак болууга чакырам. Силер менен мындай окуянын болушуна жол бербегиле. Өзбекстанда сөз эркиндиги өлгөн», — деген журналист кайрылуусунда.

Эльёрбек Тажибаев — Effect.uz сайтынын кылмыш иши козголгон үч журналистинин бирөө. Алар «Бийлик өкүлүнө же жарандык милдетин аткарып жаткан адамга каршылык көрсөтүү», «Тергөөгө же соттук териштирүүгө кийлигишүү», «Жалаа жабуу» жана «Кемсинтүү» беренелери боюнча айыпталып жатышат. Журналисттердин иши боюнча алгачкы сот жараяны 27-майда Кашкадарыя облустук сотунда башталган.

Effect.uz басылмасынын кабарчыларына каршы кылмыш иши козголгону быйыл 7-апрелде кабарланган. Башкы прокуратура журналисттерди Термез райондук сотунун имаратына кирип барууга жана судьяга басым кылууга айыптаган.

Журналисттер айыптоолорду четке кагууда. Алар сот имаратына Улуттук гвардиянын офицеринин уруксаты жана анын коштоосунда киришкенин билдиришүүдө. Бул учур тартылган видео басылманын сайтына жарыяланган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18