24.kg
14:19, 03 июня 2021, 24.kg

Кичи автобустардын айдоочулары жол акысын көтөргөнчө жумушка чыкпайт

Кичи автобустардын айдоочулары жол акысын көтөргөнчө жумушка чыкпайт. Бул тууралуу алар бүгүн митингде билдиришти.

Айдоочулар жол акысын 10 сомдон 15 сомго чейин жана жыл сайын бир сомго жогорулатууну талап кылууда.

«Күйүүчү майдын, жабдыктардын кымбатташы башкы себеп болууда. Айдоочулардын 80 пайызынын насыясы бар. Алардын айрымдары маршруткасын оңдоо үчүн кредит алган», — дейт ал.

Бишкекте кичи автобустардын айдоочулары эки күндөн бери жумушка чыкпай жатышат. Мэрия автобустардын санын көбөйтүп, «Манас» аэропорту жана ИИМдин автобустарын ишке тартты.

Бишкек мэриясы жол кире маселеси сентябрь айында гана чечиле тургандыгын билдирди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18