24.kg
09:42, 03 июня 2021, 24.kg

Өзбекстан быйыл өрүктү экспорттоо үчүн Тажикстандан сатып алууда

Жашылча-жемиштер базарына анализ жүргүзүү менен алектенген EastFruit басылмасы Өзбекстан быйыл өрүк экспортун дээрлик токтотконун кабарлады.

Басылманын маалыматына караганда, ички базарда өрүктүн баалары жогорку, Тажикстанда арзан болууда. Буга байланыштуу Өзбекстан быйыл өрүктү коңшусунан сатып алууда.

Басылманын талдоочулары мындай абалды Өзбекстанда катталган жазындагы суук аба ырайы менен түшүндүрүп жатышат. Алардын айтымында, февралдын аягындагы жана марттын башындагы сууктан өлкөдөгү өрүктүн түшүмүнүн 65% көбүн үшүк алып кеткен.

2020-жылы Өзбекстанда рекорддук 74,5 миң тонна өрүк өндүрүлүп, өлкө Испаниядан (96 миң тонна) кийинки дүйнөдөгү экинчи экспортер аталган. 2019-жылы бул көрсөткүч 58 миң, 2018-жылы 43 миң жана 2017-жылы 23 миң тоннаны түзгөн.

EastFruit эксперттери быйыл өрүк экспорту боюнча Түркия дүйнөлүк лидер болот деп болжолдошууда.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18