24.kg
09:39, 03 июня 2021, 24.kg

COVID-19: ДССУ Кытайдын Sinovac компаниясынын вакцинасын жактырды

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Кытайдын Sinovac компаниясынын коронавируска каршы вакцинасын жактырды.

Уюмдун 1-июнда жарыяланган билдирүүсүнө ылайык, вакцинанын натыйжалуулугу боюнча изилдөөнүн жыйынтыгы анын эки дозасын тең алган адамдардын 51 пайызында симптомдук ооруларды жок кылганын көрсөткөн.

ДССУ бул вакцинанын 60тан ашкан адамдар үчүн канчалык деңгээлде натыйжалуу экенине баа бере албай турганын, анткени сыноолорго аз сандагы улгайган кишилер катышканын билдирди. «Ошентсе да уюм вакциналар үчүн курактарга чектөө койбоону сунуштайт. Анткени дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүндөгү эмдөө иштери боюнча топтолгон маалыматтар вакцина улгайган адамдарды коргой турганын көрсөтүүдө», — деп жазылган билдирүүдө.

Уюмдун жактыруусу вакцинаны импорттоону жеңилдетип, аны COVAX программасына киргизүүгө мүмкүндүк берет.

ДССУ өткөн айда Кытайдын мамлекеттик Sinopharm компаниясынын вакцинасын жактырган. Ага чейин уюм коронавирусту дарылоодо сунуш кылынган препараттардын тизмесине Pfizer/BioNTech, Moderna, Johnson&Johnson, AstraZeneca компанияларынын вакциналарын киргизген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18