24.kg
13:31, 02 июня 2021, 24.kg

Маршрутка айдоочулары жол кире токтомун мыйзамсыз эле бекиткиле деп жатышат

Маршрутка айдоочулары менен каттамды калыбына келтирүү боюнча сүйлөшсөк, тарифти көтөрмөйүнчө ишке чыкпайбыз деп жатышат. Бул тууралуу Бишкектин транспорттук блок боюнча вице-мэри Руслан Акылбеков маалымат жыйын учурунда билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкекте бардык маршрутка айдоочулары ишке чыкпай, автобус, троллейбустар гана каттап жатат.

«Мен жарым саат-бир саат мурда маршрутка айдоочулары менен жолуктум. Алар өзүбүз чечим кабыл алалы, тарифти көтөрүү боюнча токтом долбоорун бекитип бергиле, болбосо ишке чыкпайбыз деп жатышат. Мен аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, баары мыйзамдын негизинде чечилерин айттым. Бирок алар жол кирени кымбаттатуу боюнча токтом долбоорун мыйзамсыз эле бекитип бергиле деп жатышат», — деди Акылбеков.

Вице-мэр азыркы тапта кырдаалды жөнгө салуу үчүн кошумча транспорттор тартылып, түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын айтуу менен жакын арада маселе чечилип каларын кошумчалады.

Мындан сырткары, ал айдоочуларга кайрылып, жөө адамдарды акысыз алып кетүүгө чакырды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18