24.kg
10:29, 01 июня 2021, 24.kg

Мирзиёевдин беш демилгеси үчүн IV кылымдагы археологиялык эстелик бузулган

Өзбекстан президентинин тун кызы Саида Мирзиёева Ташкент облусунун Бухара районунда беш президенттик демилгени сунуштагандан эки жыл өткөн соң IV кылымдагы археологиялык казуулардын ордуна курулган жаштар комплекси кароосуз калды.

Ондогон фитнес-клубдан турган комплексин курулушуна мамлекеттик бюджеттен 2 миллиард сум (189 миң доллар) жумшалган.

Заманбап курулуштун алдында төртүнчү кылымдагы археологиялык эстелик бар. Байыркы «Самсарак» шаарын ким курганы белгисиз.

Ташкент облустук прокуратурасы маданий мурас объектилерин көзөмөлгө алуу жөнүндө сунуш киргизгенден кийин «Самсарак» шаарын бузуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Археологиялык эстеликтер турган жерге имарат курган аткаминер жоопко тартылган. Бирок сот 239 млрд сум айып пулду Букин райондук администрациясы төлөшү керек деген чечим чыгарган.

Байыркы казуулардын ордуна тургузулган заманбап имарат Маданий мурастар департаментинин балансына өткөн. Аткаминерлер учурда жаңы комплекстен кантип кутулуунун жолун билишпейт. Азыркы мыйзамдар боюнча дөңсөөгө бир дагы экскаватор же башка курулуш техникасы чыкканга болбойт.

Ушул тапта ал жерди жолбун иттер менен мал байырлап калган.

Букин районундагы тарыхый жайда «беш демилге борборун» түзүү сунушун өзбек басылмалары «дүйнөлүк окуя» деп аташкан. 2019-жылдагы салтанатка бир катар аткаминерлер, анын ичинде Мирзиёевдин кызы Саида да катышкан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18