24.kg
15:48, 31 мая 2021, 24.kg

Баткенде Тажикстанга азык-түлүк ташыган жарандарды кармалды

Баткенде Тажикстанга азык-түлүк ташып бара жаткандар кармалды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Алардын маалыматында, 10 күн аралыгында, чек ара аймактарынан 4 аткезчилик фактысы аныкталды.

Кармалган жарандар мыйзамсыз жол менен кошуна мамлекеттерге жүк өткөрүүнү көздөгөн.

Кармалган жүктөр негизинен жашылча жемиш, азык түлүк жана турмуш тиричиликке керектүү ар түрдүү материалдар экени аныкталып, бажы кызматына өткөрүлүп берилди.

Белгилей кетсек үстүбүздөгү жылдын 21-майында, облустун чек ара аймактарында, кошуна өлкөлөргө мыйзамсыз өтүп жаткан аткезчилик фактыларына каршы күрөшүү, мобилдүү топторду түзүү боюнча Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин буйругу чыккан.

УКМК, бажы, ички иштер кызматы, салык кызматтарынан турган мобилдүү топтор, азыркы учурда да Баткен жана Лейлек райондорунун чек ара аймактарын көзөмөлгө алууда.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18