24.kg
10:59, 31 мая 2021, 24.kg

Парламенттин мурдакы депутаты мамлекетке 100 миллион сом төктү

Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Сергей Ибрагимов мамлекеттин бюджетинине өз ыктыярдуулугу  менен 100 миллион сом которду. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда Сергей Ибрагимовдун компанияларында каржылык мыйзам бузууларына, эсептөөнүн тууралыгы жана салык төлөмдөрүн убагында төлөбөгөндүгү боюнча аудит материалдарынын алкагында коммерциялык структуралардын ишмердүүлүгүнө изилдөө иштери жүргүзүлдү.

Жүргүзүлгөн салыктык текшерүүнүн натыйжасында мыйзам бузуулар аныкталган жок. 

Бирок, Сергей Ибрагимов республиканын оор социалдык-экономикалык абалын эске алып, акысыз каржылык колдоо көрсөтүүгө жана мамлекетти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттин бюджетине 100 миллион сом салым кошууга ыктыярдуулугун билдирди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18