24.kg
09:28, 31 мая 2021, 24.kg

КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны Бишкекте өтөт

КМШ Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны быйыл 12-ноябрда Бишкекте өтөт. Бул тууралуу аталган кеңештин Минск шаарындагы жыйынына катышып келген Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Мариповдун сапары тууралуу өкмөттүн сайтындагы билдирүүдө жазылган.

Жыйындын жыйынтыгы менен тараптар бир катар документтерге кол коюшту. Алардын арасында «Жугуштуу оорулардын жайылышына каршы туруу боюнча биргелешкен иш-аракеттердин орто мөөнөттүү планы» жана «КМШга мүчө өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүнүн офицерлерин ыкчам-стратегиялык даярдоо жаатындагы негизги уюму тууралуу» документтер бар.

Улукбек Марипов Беларуска жасаган иш сапарынын алкагында КМШ Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышкандан тышкары Азербайжандын премьер-министри Али Хидаят менен жолугуп, Минск трактор заводуна да барган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18