24.kg
09:12, 28 мая 2021, 24.kg

Садыр Жапаров «Орто-Боз» чек ара тозотуна барды

Садыр Жапаров Баткен облусундагы «Орто-Боз» чек ара тозотуна барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ал аскердик кызматтын шарттары жана аскер кызматкерлеринин жашоо-турмушу менен таанышты. Чек арачылар менен баарлашып, аларды түйшөлткөн көйгөйлөрүн сурады.

Андан соң Садыр Жапаров Лейлек жана Баткен райондорун бириктирүүчү Самаркандек — Мадиген — Даркум автожолунун курулушу менен таанышты.

Самаркандек — Мадиген — Даркум автожолунун жалпы узундугу 44,1 км түзөт, V-техникалык категориясындагы шагыл жол куруу пландаштырылууда.

Бул жол Баткен районунун 17 айылынын тургундарынын Лейлек районунун Исфана шаарына бир топ кыска жол менен баруусун камсыз кылат. Самаркандек — Мадиген — Даркум автожолунун курулушу чек араны бекемдөө жана өлкөнүн транспорттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча өтө маанилүү долбоор болуп эсептелет.

Мамлекет башчысы мамлекеттик чек арага жакын жайгашкан бул стратегиялык тилкеге жол салуу өзгөчө маанилүү экенин баса белгиледи.

Садыр Жапаров аймактардын экономикалык өсүшү менен туруктуу өнүгүүсүнүн негизги фактору болгон ички жолдорду куруунун зарылдыгына токтолду.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18