24.kg
16:47, 26 мая 2021, 24.kg

Өзбекстандын чек арасындагы эки айыл расмий түрдө Казакстандын курамына кирди

Казак-өзбек чек арасындагы Багыс жана Хиёбон калктуу конуштары расмий түрдө Түркстан облусунун аймагына кирди. Тиешелүү токтом шейшембиде Казакстан өкмөтүнүн сайтына жарыяланды.

Токтомго ылайык, Багыс менен Хиябон айылдарынын жалпы аянты 795,62 гектарды түзөт. Чечим расмий түрдө жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирди.

Айылдардын Түркстанга кошулушу менен облустардын чек арасы да өзгөртүлөт.

Багыс айылы Чымкенттен 150 чакырым аралыкта жайгашкан. Ал жерде 1200дөй киши жашайт. 2001-жылы айыл жашоочулары «көз карандысыз республика» түзө турганын жарыялашканы менен белгилүү. Себеби айыл жашоочулары кайсы өлкөгө — Казакстанга же Өзбекстанга карай турганын билишкен эмес. Жыйынтыгында эки өлкө бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 2003-жылы айыл Казакстанга өткөн, бирок калктуу конуш казак картасына киргизиле элек болчу.

Өзбек бийлиги келишим шарттары тууралуу кенен маалымат берген эмес.

Мартта аталган айылдын жашоочулары кайрадан нааразылык билдиришкен. 16-мартта Багыска өкмөттүк делегация келген. Эки аптадан кийин Багыс Сарыагыш районунун Акжар айылдык аймагына, Хиёбон ушул эле райондун Куркелес айылдык аймагына киргизилген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18