24.kg
16:46, 26 мая 2021, 24.kg

Армения Азербайжан менен чек арасында бир жоокери каза болгонун билдирди

 25-майда Армения менен Азербайжандын ортосундагы чек ара аймагында катталган атышуудан бир армян жоокери ок жеп каза болду. Бул тууралуу шейшемби күнү Армениянын Коргоо министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, курал колдонулган окуя дүйшөмбү күнү Армениянын Верин Шоржа районундагы чек арага жакын аймакта болгон. Ал азери тарап армяндардын позицияларын көздөй ок аткан соң башталган. Учурда эки өлкө ортосундагы чек арада абал тынч.

Өз кезегинде Азербайжандын Коргоо министрлиги чек ара аймагындагы армян жоокеринин өлүмүнө өлкөнүн эч кандай тиешеси жок экенин билдирди. 

Аталган район Азербайжан былтыркы куралдуу кагылышуулардан кийин өз көзөмөлүн орноткон аймактар менен чектешет.

2020-жылы күзүндө Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабак аймагы үчүн алты жума согушуп, кан төгүү Орусиянын ортомчулугу менен түзүлгөн келишимге кол коюлгандан кийин токтогон. Ага ылайык, Ереван этникалык армяндар ондогон жылдан бери көзөмөлдөп келаткан жерлерди кошуна өлкөгө кайтарган.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18