24.kg
09:34, 26 мая 2021, 24.kg

Тажикстандын 300дөй жараны «Манас» эл аралык аэропортунан өтө албай калды

Кыргызстан чек арасы Тажикстан жарандары үчүн жабылып, 300гө чукул тажикстандык Бишкектин эл аралык аэропортунда калып калды.

Тажикстандын «Сомон Эйр» авиакомпаниясынын каттамы менен 25-майга караган түнү Душанбеден Бишкекке келген эки жүзгө чукул жүргүнчү Кыргызстанга киргизилген жок.

Ошол эле маалда Орусиянын ар кайсы шаарларынан келген же Орусияга учууга тийиш болгон жүзгө чукул жүргүнчү «Манас» эл аралык аэропортунун транзиттик аймагында калды.

«Озоди» радиосунун кабарчылары менен сүйлөшкөн айрым жүргүнчүлөр Кыргызстан чек арасы Тажикстан жарандары үчүн жабылганын эч ким алдын ала эскертпегенин айтышты.

Тажикстандагы Бишкектеги консулу Абубакр Шодиев маселени кыргыз бийлиги менен сүйлөшүү аркылуу чечүүгө тырышып жатканын, бирок ага «Сомон Эйр» учагы Тажикстанга кайтышы керектиги айтылганын билдирди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18