24.kg
09:20, 26 мая 2021, 24.kg

Кыргызстандыктарга электр энергиясын үнөмдөө эскертилди

«Кыргызстандын Улуттук электр тармагы» ишканасы элге кайрылып, электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды.

Анда 2021-2022-жылкы күз-кыш мезгили электр тармагындагы дефициттен улам катаал болору айтылган.

Апрелде президент Садыр Жапаров электр энергиясына тарифти көтөрүүнү сунуш кылган. Жаңы тариф саясаты августка чейин коомдук талкууга коюлуп, чечим кабыл ала турганы айтылган. Ал тарифте аз камсыз болгон 200 миңден ашык үй-бүлөдөн башка абоненттерге электр жарыгынын баасы азыркыдан эки эсе кымбаттайт.

Учурда Кыргызстанда элге электр энергиясы 1 кВт саат үчүн 77 тыйындан бирдиктүү тариф менен берилип жатат. Эми сунушталган жаңы тарифтик саясат боюнча калк 3 категорияга бөлүнөт.

Кыргызстан жылына орто эсеп менен 14-15 млрд. кВт/саат электр энергиясын өндүрөт. Өлкө өзүн электр жарыгы менен камсыздай албай калган жылдары коңшу Казакстан менен Өзбекстандан сатып алат.

2021-жылы электр энергиясынын таңкыстыгы 3 млрд. кВт саат деп эсептелди. Учурда кыргыз өкмөтү Казакстандан 900 миллион, Өзбекстандан 750 миллион кВт/саат алып жатат. Аны Кыргызстан үч жылдын ичинде бөлүп-бөлүп кайра электр энергиясы менен кутулууну пландоодо.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18