24.kg
18:00, 25 мая 2021, 24.kg

Бишкекте балдар аянтчалар азырынча ачылбайт

Бишкек шаарынын мэриясында борбордун социалдык саясат боюнча вице-мэри Виктория Мозгачеванын төрагалыгы алдындагы шаардын эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында эпидемиологиялык кырдаал жана COVID-19ка каршы чаралар талкууланды, ошондой эле Бишкектеги балдардын көңүл ачуу борборлорунун ассоциациясынын кайрылуусу каралды.

Вице-мэр шаар боюнча санитардык эрежелерди сактоону күчөтүүнү тапшырды, райондук администрациялардын башчылары мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун эпидемиологдору менен биргеликте оорунун булактарынын очокторун издөө масштабын көбөйтүшөт.

Өз кезегинде балдардын көңүл ачуучу жайлары, соода жана көңүл ачуу борборлорундагы оюн аянтчалары боюнча, комиссия оюн аянтчаларын ачууга тыюу салуу азырынча күчүндө калат деп чечти.

«Туруктуу эпидемиологиялык кырдаал түзүлгөн учурда, аталган оюн аянтчаларын ачуу маселеси комиссиянын кийинки отурумунда каралат», — деп айтылат билдирүүдө.

Мэриядан кошумчалашкандай, борбор калаада эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон, оорунун көбөйүшү байкалууда.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18