24.kg
09:11, 25 мая 2021, 24.kg

«YouTube» өзбек тилдүү каналдардын авторлоруна акча төлөөнү токтотту

«YouTube» компаниясы өзбек тилиндеги каналдардын авторлорун материалдык жактан колдоону токтотту.

Акыркы жылдары Өзбекстанда видеоблогинг тездик менен өнүгүп, анын аркасы менен акча тапкан авторлор көбөйгөн. Алардын арасында «YouTube» каналдарындагы көрүүлөр үчүн эле бир нече миң доллардан тапкандары да болгон.

Бирок апрелден тартып өзбекстандык блогерлердин «YouTube» видеохостингиндеги тасмалардан түшкөн кирешелери кескин азайып кеткен. Буга «YouTube» компаниясынын жетекчилиги өзбек тилдүү аудиторияга арналган каналдардын авторлорун материалдык жактан колдоону токтоткону себеп болгон.

Компания азырынча бул чектөөнүн эмнеге байланыштуу экенин түшүндүрө элек. Qalampir.uz басылмасынын маалыматына караганда, мындай чечим «Youtube» Өзбекстандын аймагында өз ишмердүүлүгүн жүргүзбөгөнү менен байланыштуу болушу мүмкүн.

«YouTube» компаниясы ишмердүүлүгүн расмий жүргүзбөгөн өлкөлөрдө блогерлер кошумча мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат. Алар «YouTube Premium» кызматтарын, демөөрчүлүк модулдарды жана «YouTube.Music» платформасын пайдалана алышат. Бирок Өзбекстанда бул кызматтар эч качан жеткиликтүү болгон эмес. Эми өзбек блогерлери жарнамадан да киреше таба албай калышат.

2016-жылы «YouTube» сайты Өзбекстанда алты күнгө бөгөттөлгөн. Бирок анда өлкөдө видеоблогерлик азыркыдай популярдуу эмес болчу.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18