24.kg
09:08, 25 мая 2021, 24.kg

Путин: Орусия кыргыз-тажик чек ара маселелерин чечүүгө көмөктөшөт

Орусия Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселелерин чечүүгө көмөктөшүү үчүн мүмкүн болгон бардык аракетти көрөт. Бул тууралуу орус президенти Владимир Путин 24-майда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугушуусунда айтканын «TASS» маалымат агенттиги кабарлады.

Аталган агенттик Жапаров Путинге кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга көңүл бурганы үчүн ыраазылык билдиргенин жазды.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Путин коронавируска каршы «Спутник V» вакцинасын Кыргызстанда өндүрүү маселесин адистер изилдеп жатканын да кошумчалады.

Буга чейин кыргыз-орус президенттеринин жолугушуусунда чек ара маселесинен тышкары эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгү жана евразиялык аймактагы интеграциялык кызматташтык тууралуу сөз болоору кабарланган.

28-29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда Кыргызстанда 36 адам, тажик тараптан 19 адам курман болгон. Эки өлкө бул үчүн бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Орус президенти Путин бул окуяны тажик президенти Эмомали Рахмон менен 8-майда Москвадагы жолугушуусунда талкуулаган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18