24.kg
15:00, 24 мая 2021, 24.kg

COVID-19. Индияда көз жумгандардын саны 300 миңден ашты

Индияда COVID-19 илдетинен кайтыш болгон адамдардын расмий саны 303 730 кишиге жетти. Пандемия башталгандан бери коронавирусту жугузуп алганы ырасталган жарандардын саны 26 миллиондон ашты. Бул тууралуу «Азаттык» билдирет.

Расмий статистикага ылайык, Индия илдеттен каза тапкандардын саны боюнча АКШ жана Бразилиядан кийинки үчүнчү өлкө болуп калды. Адистер өлкөдө илдеттен кайтыш болгондор менен ага чалдыккандардын саны алда канча көп экенин билдиришүүдө.

Индияда соңку бир канча аптадан бери коронавирус күч алып, ооруканаларда орун, жасалма дем алдыруучу аппараттар жетишсиз болуп жатат.

Эмдөө процесси тездегендиктен АКШ менен Европада коронавирустун жайылышы басаңдап баратат. Кошмо Штаттарда бир күндө вирусту жугузуп алгандардын саны соңку 11 ай ичиндеги эң төмөнкү чегин көрсөттү.

Британ өкмөтү эгер калк эрежелерди сактоону уланта берсе, 21-июнда карантиндик чектөөлөрдү алуунун акыркы этабы баштала турганын жарыялады.

Чехиянын бийлиги 14-июндан тарып, бир катар чектөөлөрдү алат, анын ичинде ресторандардын ишине жана концерттерге уруксат берет.

10 миллиондой калкы бар Венгрияда коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алгандардын саны 5 миллиондон ашты. Мындан улам өлкө бийлиги чектөөлөрдү жумшартууну көздөп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18