24.kg
10:46, 24 мая 2021, 24.kg

Садыр Жапаров Россияга иш сапары менен жөнөп кетти

Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда, иш сапары менен Россиянын Сочи шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Анда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы байланыштарды кеңейтүүнүн келечегин талкуулоо пландаштырылууда.

Регионалдык коопсуздукту, анын ичинде ЖККУ, КМШ жана ШКУнун алкагындагы коопсуздукту камсыз кылуу кызыкчылыгында өз ара аракеттенүүгө, ошондой эле евразиялык экономикалык интеграцияны тереңдетүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.

Жолугушуунун жүрүшүндө коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы көрүлүп жаткан чараларды, Кыргыз Республикасына россия вакцинасын жеткирүүнү талкуулоо мерчемделүүдө.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Гүлнара-Клара Самат бар.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18