24.kg
17:54, 21 мая 2021, 24.kg

Москвада тажикстандык оппозиционер дайынсыз болууда

Орусияда 18-майдан бери тажикстандык оппозициялык «Группа 24» кыймылынын активисти Рахматжони Махмаджон дайынсыз болууда.

Активисттин жакындары менен тарапташтары буга чейин ал белгисиз адамдар тарабынан коркутуулар жана аңдуулар болуп жатканына даттанган.

«Группа 24» кыймылы 2012-жылы түзүлгөн. 2014-жылы Тажикстандын Жогорку соту аны экстремисттик уюм деп таап, өлкө аймагындагы ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Андан бери Тажикстанда, Орусияда жана башка постсоветтик өлкөлөрдө бул уюмга мүчө деген айып менен ондогон киши кармалып, түрдүү мөөнөттөргө соттолгон. Кыймылдын негиздөөчүсү Умарали Кувватовду 2015-жылы Стамбул шаарында өлтүрүп кетишкен.

Рахматжони Махмаджон буга чейин бир нече жолу эл аралык жыйындарга катышып, Тажикстандын бийлигин сындаган. Мындан тышкары тажик президенти Эмомали Рахмонго каршы митингдер менен пикеттерге катышкан.

Акыркы жолу ал «Группа 24» кыймылынын дагы бир активисти Шобудин Бадалов менен 2019-жылы июнда Рахмондун Москвага сапары учурунда Кызыл аянтта акция өткөргөн. Анда алар экөө тең 15 суткага камалган. Сентябрда Төмөнкү Новгороддо өздөрүн ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери деп тааныштырган адамдар Бадаловду кармап кетишкен. Бир айдан кийин Орусиянын Ички иштер министрлиги Бадалов өз каалоосу менен Тажикстанга учуп кеткенин билдирген. Активисттин тагдыры бүгүнкү күнгө чейин белгисиз бойдон калууда.

Махмаджондун кесиптештери анын 2018-жылдан бери орус жарандыгы бар экенине карабастан, ал күч менен Тажикстанга жеткирилиши мүмкүн деп тынчсызданып жатышат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18