24.kg
11:07, 21 мая 2021, 24.kg

Кореялык компания «Манас» аэропортуна ПЦР-тест үчүн лаборатория ачат

Бишкекте «BS Group» (AMSBIO, OMNISYSTEM) корпорациясынын ПЦР-лабораториясы ачылат. Бул тууралуу аталган корпорациянын төрагасы Пак Хё Рин министерлер кабинетинин жетекчиси Улукбек Марипов менен жолугушууда билдирди.

«BS Group» корпорациясынын төрагасы Пак Хё Рин маалымдагандай, компаниянын иши гидроэнергетика, медицина, фармацевтикалык өндүрүш, магниттик карталарды жана төлөм жабдууларын өндүрүү сыяктуу багыттарды камтыйт.

Лабораторияда бир күндө 14 миңге жакын адам ПЧР-тестирлөөдөн өтө алат, ал эми жыйынтыгы тест тапшырган соң бир сааттан кийин дайын болот.

«Өлкөдө жакында туристтик сезон ачылаарын эске алуу менен, республика аймагындагы мындай лабораториянын ачылышы туристтерди тартуу жаатында чоң мааниге ээ. Биздин милдет — Кыргыз Республикасын СOVID-19дан эркин өлкөгө айландыруу. Бул өлкөгө туристтердин агылуусуна шарт түзөт», — деди Пак Хё Рин.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18