24.kg
09:21, 20 мая 2021, 24.kg

Душанбеде Кыргызстан менен Россиянын тышкы иштер министрлери жолукту

Кыргызстан менен Россиянын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев жана Сергей Лавров Душанбеде жолукту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ Душанбе шаарында  ЖККУга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлери кеңешинин кезектеги отуруму өттү. 

Photo 212106

Маалыматка ылайык, тараптар алдыдагы тышкы саясий иш-чараларды, буга чейин жетишилген келишимдердин аткарылышын талкуулашты, кыргыз-россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелери жана аймактык кырдаал боюнча ой пикирлер менен алмашышты.

​Мындан тышкары, тараптар Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда буга чейин каттаган темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну жана унаа кыймылын толук кандуу жандандыруу маселелерин талкуулашты.

Россиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча кыргыз тарабынын иш-аракеттерин кубаттады. 

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүү процессин улантуунун зарылдыгын белгиледи.

​Тараптар союздаш мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана кеңейтүү максатында өз ара аракеттенүүнүн бардык тармактарын мындан ары активдештирүүгө бекем ниеттерин билдиришти.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18