24.kg
09:17, 20 мая 2021, 24.kg

Назарбаев армия менен чек араны бекемдөө зарылдыгын айтты

Казакстандын мурдагы президенти жана Коопсуздук кеңешинин төрагасы Нурсултан Назарбаев аталган конституциялык органдын 19-майда өткөн жыйыны учурунда «гибриддик коркунучтар» жана «ассиметриялык согуштар» жөнүндө айтып, буга өлкөнүн Куралдуу күчтөрү даяр болушу керек экенин билдирди.

Коопсуздук кеңешинин жыйынын Армияны 2030-жылга чейин өнүктүрүүгө, курулуш консепциясына жана чек ара коопсуздугун камсыздоого арналган.

Назарбаев Казакстан «аскердик курулушта жана куралдуу күчтөрдү конфигурациялоодо жаңы ыкмаларды» иштеп чыгышы керек экенин белгиледи.

«Биринчиден, биз салттуу гана эмес ассиметриялык согуштарга даяр болушубуз керек. Экинчиден, биринчи планга гибриддик коркунучтар чыгууда. Алар атайын күч жана каражат, өзгөчө даярдык, комплекстүү, ийкем ыкманы талап кылат. Үчүнчүдөн, өлкөлөрдүн аскердик дарамети алардын технологиялык жактан камсыздалышынын деңгээли менен аныкталат... Сириядагы, Тоолуу Карабактагы акыркы жылдардагы согуштар — спутниктен көзөмөлдөөнүн, коммуникация менен навигациянын чоң ролун көрсөттү. Келечектин армиясы аскердик жараяндарды башкарууну автоматташтыруу жана жаңы технологияларды, анын ичинде учкучсуз авиацияны, жогорку тактыктагы ок-дарыларды киргизүү менен аныкталат», — деди Назарбаев.

Назарбаев Казакстан чек араны ишенимдүү коргоону камсыздоо жана куралдуу күчтөр менен чек ара кызматындагы курулушту синхрондуу түрдө комплекстүү жана системалуу ишке ашыруу зарылдыгын айтты.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18