24.kg
10:00, 19 мая 2021, 24.kg

«Кумтөр» ишканасын Тенгиз Бөлтүрүк башкарат

«Кумтөр» ишканасына сырттан башкаруучу болуп Тенгиз Бөлтүрүк дайындалды. Аны кечээ министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жамаатка тааныштырды.

Өкмөттүн маалыматында, ишканада кыскартуулар күтүлбөйт.

«Кен өз ишин токтотпойт жана ишин штаттык режимде улантат. Кызматкерлер тийиштүү төлөмүн алышат, эч кандай кыскартуулар тууралуу кеп да болбошу керек. Биздин негизги максат — карапайым элдин жашоо-турмушун жакшыртуу. Ачык-айкын жана таза ишибиз аркылуу гана биз ага жетише алабыз», — деди Улукбек Марипов.

Белгилей кетсек, Тенгиз Бөлтүрүк «Центерра» компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болуп иштеген. Ал парламентте жыйында Канада менен Кыргызстандын паспортуна жана «Центерранын» акциясына ээлик кыларын далилдеди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18