24.kg
09:34, 19 мая 2021, 24.kg

Садыр Жапаров Владимир Путин менен Сочиде жолугат

Президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен 24-майда Сочи шаарында жолугат. Бул тууралуу Путин 18-майда Орусиядагы элчилерге ишеним грамоталарын тапшырып жатканда айткан.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Евразия экономикалык интеграциясы тууралуу сөз болот. Ошондой эле Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму (ЖККУ), Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги (КМШ) жана Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) алкагында аймактык коопсуздукту камсыз кылуу маселеси көтөрүлөт.

10-майда Садыр Жапаров Путин менен телефондон сүйлөшкөн. Анын жыйынтыгында Жапаров ушул айдын этегинде Москвага иш сапар менен барары белгилүү болгон.

18-майда Садыр Жапаров аралыктан иштөө режимине өттү. Президенттин басма сөз кызматы президенттин бул кадамын алдыдагы эл аралык иш-чараларга байланыштуу деп түшүндүрдү.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18