24.kg
09:53, 18 мая 2021, 24.kg

Ворухта кыргыз жарандарын сабагандар жоопко тартылат

Кыргыз жарандарын сабаган тажик жарандарын, мыйзам чегинде жоопко тартылат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

17-майда, кечки саат 20:00дө, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода кыргыз-тажик чек арасында жолугушту.

Жетекчилер Ак-Сай менен Ворух айылында жарандардын кармалышы боюнча орун алган окуя тууралуу сүйлөшүштү.

Чек ара аймактарындагы маселелерди ыкчам чечип туруу максатында, Баткен жана Согди облустарынын башчылары, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен биргеликте, чек арада, жума сайын жолугууну макулдашышты.

Натыйжада Ак-Сай айылы менен Ворух айылынын кесилишкен жерине, эки айылга кирген, чыккан жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн, милиция кызматкерлеринин биргелешкен посту коюлду.
Ошондой эле чек аранын кооптуу участкалардында, эки мамлекеттин чек арачыларынын биргелешкен патрулу түзүлдү.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18