24.kg
09:33, 18 мая 2021, 24.kg

АКШ Израилге жогорку тактыктагы курал сатууну колдоду

АКШ жалпы наркы 735 млн. доллар турган жогорку тактыктагы курал-жарак сатууну колдогонун «The Washington Post» басылмасы ишенимдүү булагына таянып жазып чыкты.

Гезиттин маалымат булагы президент Жо Байдендин администрациясы Конгресске бул тууралуу 5-майда кабар бергенин айтып берген.

Ошол эле кезде «The Washington Post» басылмасы Конгресстеги кээ бир демократтар Израилге курал сатуу Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды дагы курчутуп жиберишине тынчсызданганын белгилейт.

Гезит Израил учурда жогорку тактыктагы куралга ээ экенин жазып, жарандык калктын арасында курмандыктардын алдын алуу үчүн Газадагы ХАМАСтын объекттерине жогорку тактыктагы аба соккулары урулуп жатканы белгиленген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18