24.kg
10:37, 14 мая 2021, 24.kg

Чек арада көзүнө ок жеген кыргызстандык операция жасатуу үчүн Түркияга жөнөтүлдү

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда жабыркагандардын бири 38 жаштагы Чыңгыз Каработоев 14-майда операция кылдыруу үчүн Түркияга учуп кетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. 

Маалыматка караганда, жабырлануучу Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Интернационал айылынын жашоочусу. Ал куралдуу кагылышуу учурунда оң көзүнө ок жеп, 30-апрелден тартып Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда жаткан. Андан тышкары, эки буту сынган. Кыргызстанда көзүнө операция жасалган. Түркиялык дарыгердин текшерүүсүнөн кийин ага Түркиядагы клиникалардын шартында кайрадан операция жасоо сунушталган.

“Аталган маселе саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин көзөмөлүндө турган, анын тапшырмасы менен министрликтин адистери аталган маселени иштеп чыгышып, бүгүн бейтап дарылануу үчүн Түркия Республикасына учуп кетти. Мекендешибизге батырак сакайып кетишин каалайбыз. Ошондой эле биздин өнөктөштөрдүн салымын өзгөчө белгилеп кетүүбүз керек. Дарыланууга кеткен бардык чыгым Кыргызстан Кызыл Жарымай коому тарабынан каржыланат”, - деп айтылат маалыматта. 

Бүгункү күнгө карата Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда – 25, Улуттук госпиталда – 12, Улуттук хирургия борборунда – 9, Лейлек районундагы ооруканада – 4, Кадамжайдагы ооруканада – 1 бейтап дарыланууда.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18