24.kg
10:20, 14 мая 2021, 24.kg

Президент акционердик коомдордо тышкы башкарууну киргизүүгө макулдук берди

Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 6-майында кабыл алынган.

Мыйзамдын негизги максаты жер казынасын коргоонун, экологиялык жана өнөр жай коопсуздугунун талаптарын бузган, жумуштар таасирин тийгизген аймакта жашаган же иштеген адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирген коомдордо тышкы башкарууну киргизүүнүн негиздери менен тартибин жөнгө салуучу ченемдерди киргизүү болуп саналат.

Мындан тышкары, Жазык кодекси убактылуу тышкы башкаруу киргизилген учурда акционердик коомдун башкаруу органдарына коюлган чектөөлөрдү бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти караган берене менен толукталды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18