24.kg
10:08, 14 мая 2021, 24.kg

Милиция: «Кумтөрдүн» жетекчилери Кыргызстандан апрелде эле чыгып кеткен

«Кумтөр Голд Компани» ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан ушул жылдын апрель айында эле чыгып кеткени белгилүү болду. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Ысык-Көл облустук милициясынын Тергөө кызматы «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын каржы боюнча директору Саймон Танды, компаниянын президенти Деон Баденхорстты, «Кумтөр Голд Компанинин» ташып келүүлөр тутумун башкаруу боюнча директору Арипин Буманды 12-майга суракка чакырган. Алар Кыргызстандан чыгып кеткендиктен суракка барган эмес.

«Ишти териштирүү учурунда алар суракка чакырылганга чейин эле Кыргызстандан чыгып кеткени аныкталды. Ал эми бирөө такыр эле Кыргызстандын аймагына кирбептир», — деди Усубакунов.

2019-жылдын 1-декабрында Лысый жээк өрөөнүндө үйүлгөн жараксыз катмар көчүп түшкөн. Кырсык болгон учурда иштеп жаткан тоо-кен бөлүмүнүн мастери Өмүрбек Ишенбеков менен бульдозердин айдоочусу Жолдош Жунушев жер көчкүнүн астында калып, сөөгү табылбай калган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18