24.kg
17:08, 12 мая 2021, 24.kg

Кыргызстан муфтияты Иерусалимдеги мечитке кол салууну айыптады

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (Муфтият) Иерусалимде (Кудус) Ал-Акса мечитиндеги мусулмандарга кол салууну айыптап, бул окуя мусулман калкы үчүн оор сокку болгонун белгиледи жана муну адамдардын ыйык сезимдерин кордоо, мусулмандарга кысым жана адам укугун бузуу деп баалады.

Муфтияттын билдирүүсүндө «Анткени Кудустагы Ал-Акса мечити эң биринчи кыбыла жана исламдын Медина менен Меккеден кийинки үчүнчү ыйык жайы» деп айтылды.

Газа тилкесинде абалдын курчушуна Израилде сот жөөт тургундарынын отурукташуусуна мүмкүнчүлүк берүү үчүн палестиналык араб үй-бүлөлөрүнүн бир нечесин Чыгыш Иерусалимден көчүрүү туралуу чечим чыгарганы себеп болду. Соттун бул чечими палестиналыктардын нааразылыгын жаратып, 7-майда жума намаздан кийин алар полицияга таш, темир ыргытканын, ал эми полиция желим ок менен атып, Ал-Аска мечитин басып алганын, ичиндегилерди чыгарып салганын жергиликтүү басылмалар жазышкан.

11-майга караган түнү Газа тилкесинде ХАМАС баштаган кошуундар Израилди көздөй ракета атса, израилдик күчтөр бул анклавга абадан сокку урду. Палестинанын саламаттыкты сактоо тармагындагы жетекчилери Газада жалпысынан 24 адам мерт болгонун билдиришти. Жалпысынан аймакта 100дөн ашык адам жаракат алды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18