24.kg
11:36, 12 мая 2021, 24.kg

Эртең борбордук аянттарда айт намаз өтпөйт

Айт намазы Бишкектеги жана өлкө аймагындагы бардык мечиттерде окулат. Бул тууралуу муфтият билдирди.

Быйыл шаарлардын борбордук аянтында намаз болбойт.

Муфтияттын маалыматында, айт намазы 13-май күнү таңкы саат 07:00до Бишкек шаарындагы жана өлкө аймагындагы бардык мечиттеринде башталат.

Айт намаздын программасы:

07:00-07:15 — Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыевдин куттуктоосу жана баяндамасы;
07:15 — Айт намаз.

«Айт намазга келген ар бир жаран санитардык эрежелерди так сактоосу талап кылынат. Бет кап, жайнамаз ала келиңиздер. Мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрдик аралыкты так сактап, жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат», — дейт муфтият.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18