24.kg
16:30, 11 мая 2021, 24.kg

Тарых музейи чет элдик компанияга 225 миң евро карыз

Мамлекеттик тарых музейинин германиялык Vitrinen-und Glasbau REIER компаниясына 225 миӊ евро карызы бар. Аталган сумма төлөнгөндөн кийин гана маданий жай иштеп баштайт. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети өткөргөн көчмө жыйында айтканын парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Жыйында баяндама жасаган министр карыз качан төлөнөрүн айткан эмес.

«Ал компания музейге эмерек, жабдуу, экспонаттарды койгон. Музейде баары электрондук башкарууга толугу менен өткөрүлгөн. Учурда алардын программаларынын ачкычтары жогоруда аталган компанияда», — деген министр.

Эл өкүлдөрү көтөрүлгөн маселелерди тез арада чечүүнү жана музей ушул жылдын 31-августунда ишке кириши керектигин белгилеп өтүшкөн.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18