24.kg
16:10, 11 мая 2021, 24.kg

Өзбекстанда Сардаба кырсыгы боюнча 17 кишиге өкүм чыкты

10-майда Өзбекстандын Жогорку сотунун соттук коллегиясы Сардаба суу сактагычындагы плотинанын жарылышы боюнча каралып жаткан иштин алкагында 17 кишиге өкүм чыгарды.

Сот 2020-жылы 21-декабрда эле башталган, жараян жабык режимде өткөн.

Буга чейин айыпталуучулардын жетөө камалганы, алтоо күрөөгө бошотулганы, калгандары эч жакка чыкпоо жөнүндө тилкат жазып бергени айтылган.

«Узтемирйулкурилишмонтаж» ишканасынын директорунун мурдагы орун басары, гидротехникалык курулуш дирекциясынын мурдагы башчысы М. Холматов «уюшулган топтун кызыкчылыгы үчүн ири көлөмдөгү акчаны уурдоо же чыгымга учуратуу», «жалган документ жасоо», «тоо, курулуш же жарылуу коркунучу бар иштердин коопсуздук эрежелерин бузуу» айыбы менен 10 жылга кесилди. Мындан тышкары анын үч жылга жооптуу кызматтарды аркалоосуна тыюу салынды. UzGIP жоопкерчилиги чектелген коомунун перспективдүү долбоорлорду пландоо бөлүмүнүн мурдагы башчысы С.Руднев дал ушундай эле айыптар менен 5 жылга эркинен ажыратылып, 12,6 миң доллар айып пулга жыгылды.

Дагы төрт киши беш жылдан бир жылык мөөнөткө түрмөгө кесилип, бирөөнүн эркиндиги чектелип, калгандары ар түрдүү өлчөмдө айып пулга жыгылды.

Сырдарыя облусундагы Сардаба суу сактагычы былтыр 1-майда жырылып кетип, алты киши каза болгон. Анын кесепетинен 24 айылдан 90 миңдей киши шашылыш коопсуз жакка көчүрүлгөн.

Ал эми коңшу Казакстандын Түркстан облусунун бир канча айылдарын суу каптап, 10 миңден ашуун адам үй жайын таштап кетүүгө аргасыз болгон. Расмий маалыматка ылайык, табигый кырсыктын кесепетинен 900гө жакын үй жашоого жараксыз деп табылып, 5624 гектар эгин аянты суунун астында калган. Казакстан жалпысынан келтирилген зыяндын көлөмү 950 миң доллар болгонун санап чыккан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18