24.kg
10:06, 11 мая 2021, 24.kg

Иерусалим: 200дөн ашуун палестин ооруканага жеткирилди

Палестинадагы «Кызыл жарым ай» уюму 10-майдагы кагылышууда 300дөн ашуун палестин жаракат алганын, анын ичинде 200дөн көбү ооруканага кайрылганын маалымдады.

Ал эми израил полициясы жыйырмадан көп кызматкери жарадар болгонун билдирди. Израилдик дарыгерлер жети жайкын тургун да жабыркаганын кошумчалашты.

10-майда Иерусалимдеги Ал-Акса мечитинин айлана-тегерегинде Израилдин полициясы менен палестиналык демонстранттар кайрадан кагылышкан.

Төрт күндөн бери Иерусалимде палестиндер менен израил полициясынын кагылышуусу токтой элек. Бул жолу жаңжалдын тутанышына палестин үй-бүлөлөрүн шаардын чыгыш тарабынан жөөттөрдүн пайдасына көчүрүүгө жол ачкан чечим себеп болгон.

Соттун бул чечимине каршы доо арыз менен жетимиштей адам жогорку инстанцияга кайрылышкан. Ишти Жогорку сот 10-майда карамак, бирок башаламандыктарга байланыштуу кийинкиге калтырды.

Бул арада ХАМАС тобу Газа тилкесинен Иерусалим тарапка бир нече ракета атты. Израилдин армиясы өлкө аймагына Газа тараптан жети ракета атылганын, алардын бири атып түшүрүлгөнүн билдирди. Бир ракета Израилдин түштүгүндөгү жайкын тургундун автоунаасына тийип, андан бир адам жаракат алганы кабарланды.

Дүйшөмбү күнү Израиль Иерусалимдин чыгышына көзөмөлүн орнотконунун 54 жылдыгын белгиледи.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18