24.kg
10:19, 07 мая 2021, 24.kg

Өкмөт кыргыз-тажик чек арасын боюнча түшүндүрмө берди

2021-жылдын 1-майындагы Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын № 39 протоколунун экинчи жана үчүнчү маселеси боюнча түшүндүрмө берилди.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 1924-1927-жылкы улуттук-аймактык чектеп бөлүү жана 1989-жылкы паритеттик комиссиянын документтери жана материалдары Лейлек районунун аймагында жайгашкан № 43 чек ара чекитинен № 61 чек ара чекитине чейинки тилкесин жана Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын аймагында жайгашкан № 135 чек ара чекитинен № 141 чек ара чекитине чейинки тилкесин гана жазууга пайдаланылат.

Капчыгай (Танги) калктуу пунктунун чыгыш тарабынан айланма «Ходжаи Аъло — Ворух» унаа жолу Баткен районунун факт жүзүндө пайдаланылуучу жерлеринде биргеликте курулат.

Аталган жолдун курулушу жана ишке берилиши эки өлкө ортосундагы өз алдынча мамлекеттер аралык келишимге кол коюлган соң гана ишке ашырылат.

Буга катар аталган келишимге кол коюлганга чейин тараптар Ворух тилкесиндеги кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук сызыгын жазууга киришүүнү макулдашты.

Ошол эле учурда автожолдун курулушу Баткен районунун аймагы боюнча тажик тарапка коридор берүүнү түшүндүрбөйт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18