24.kg
10:03, 07 мая 2021, 24.kg

Тажикстанда электр энергисынын тарифи кайра каралат

Тажикстанда премьер-министр Кохира Расулзоданын тапшырмасы менен электр энергиясынын тарифин кайра карап чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү.

Тажикстандын Монополияга каршы кызматы бул топко профилдик министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү кире турганын кабарлады. Тажикстанда 2010-2019-жылдар аралыгында электр энергиясынын бир киловатт-сааты 9 дирамдан 22 дирамга (11 дирам — 1 цент) чейин көтөрүлгөн.

«Барки точик» мамлекеттик энергохолдинги электр энергиясынын ар бир киловатт-сааты 28 дирамды түзөрүн, ал жашоочуларга арзан баада сатыларын, мунун айынан холдинг чыгым тартып жатканын билдирди.

Тажикстан эл аралык институттардын, анын ичинде Дүйнөлүк банктын макулдугу менен тарифтерди көтөрүү менен бирге жакыр үй-бүлөлөргө айына 250 киловатт-саат электр энергиясын жеткирүүгө милдеттенме алган. Бирок план бардык эле аймактарда жүзөгө аша элек.

Бул арада Тажикстанда көп жылдардан бери кышкысын электр энергиясы жетишсиз болуп келет.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18