24.kg
08:52, 07 мая 2021, 24.kg

Жеңиш Молдокматов 48 саатка камалды

Былтыркы парламенттик шайлоого «Замандаш» партиясынын жетектеп барган саясатчы Жеңиш Молдокматов 48 саатка Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Адвокат Кантемир Турдалиев Молдокматов Жазык кодексинин 245-беренеси («Имараттарды жана курулуштарды басып алуу») менен кылмышка шектелип жатканын билдирди.

«Молдокматов былтыркы октябрь айындагы тополоңдо Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратын басып алууга аракет кылган деп шектелип жатат. Ал Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренеси менен камакка алынды», — деди Турдалиев.

Адвокаттын айтымында Молдокматовдун бөгөт чарасы эртең, 7-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралат.

Молдокматов 6-майда түшкө чейин Ички иштер министрлигине (ИИМ) күбө катары сурак берип чыккан. Ушул эле күнү ал кечке жуук кайрадан суракка барган.

Былтыр 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам нааразылык чыгып, 5-6-октябрь күндөрү калайман тополоң болгон жана ал бийлик алмашуу менен аяктаган. Митингчилер президент жана парламент отурган имаратты, атайын кызматты, басып алышып, абактарда отурган бир катар саясатчыларды бошотушкан. Кийин алардын көбү кайра камалып, айрымдары качып кеткен.

Ички иштер министрлиги Молдокматовдун камалышы тууралуу расмий маалымат бере элек.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18