24.kg
Жазгуль МАСАЛИЕВА
13:52, 06 мая 2021, 24.kg

Садыр Жапаров Лейлек районунун Максат айылынын тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн Лейлекте жүрөт. Ал учурда Максат, Маргун айылдарынын жашоочулары менен жолугушту.

Өлкө башчысынын маалымат кызматынын билдирүүсүндө, Максат айылында жаңжалда курман болгондорго багыштап куран окуду.

Президент бүгүнтөн баштап Максат айылында жана башка жапа чеккен айылдарда калыбына келтирүү боюнча курулуш иштери башталарын, бузулган үйлөрдүн ордуна жаңы заманбап турак-жайлар куруларын белгиледи. Курулуш иштерин эки айдын ичинде бүткөрүү болжолдонууда.

Ошондой эле, талкаланган социалдык жана коммерциялык объектилерди калыбына келтирүү иштери да башталат.

Садыр Жапаров медициналык жардам көрсөтүү үчүн Баткен облусуна жиберилген мобилдик клиникалар жөнүндө да айтып берди. Донордук долбоордун аркасында мобилдик клиникалар 5 жыл аралыгында республиканын бардык аймактарын кезек-кезеги менен кыдырып, бийик тоолуу жана алыскы райондордун жашоочуларына акысыз медициналык кызмат көрсөтөт.

Ошону менен бирге Мамлекет башчысы жакын арада Баткен облусуна өзгөчө статус берилерин, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 млн сом өлчөмүндө компенсация төлөнөрүн, жабыркаган ишкерлерге дагы жардам көрсөтүлөрүн баса белгиледи.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18