24.kg
12:50, 04 мая 2021, 24.kg

Баткендеги бириккен кампада 42 тонна гумжардам калды

Баткендеги бириктирилген кампасында болжол менен 42 тонна гуманитардык жардам калганын билдирди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Аскат Калысов билдирди.

Анын айтымында, ӨКМ аркылуу 12 айыл гумжардам алышты. Ал жашоочулар кайдыгер эмес жарандар өздөрү алып келип берип атышкан жардамдарды да алып жатышканын кошумчалады.

Жалпы 538 тонна гумжардам келип түшкөн, ал дароо муктаждарга таратылып берилген.

Белгилей кетсек, 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, 29-апрелде да уланган. Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болуп, үйлөр жана имараттар өрттөлдү.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы окуяны аскердик агрессия катары баалап, Тажикстан аймагын басып алуу максатында чек араны бузуп киргенин белгилейт.

 
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18