24.kg
11:08, 04 мая 2021, 24.kg

БУУ Баткенде эвакуацияланган жарандарга жардам көрсөтүү маселесин кароого даяр

БУУ Баткенде эвакуацияланган жарандарга жардам көрсөтүү маселесин кароого даяр. Бул тууралуу  Нью-Йорктогу КРнын БУУдагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева БУУнун башкы катчысынын саясий иштер жана тынчтыкты куруу боюнча орун басары Розмари А.Дикарло менен жолугушуу учурунда айтылды.

Миргүл Молдоисаева Кыргызстан Баткен облусунда куралдуу кагылышуунун натыйжасында КРнын 36 жараны, анын ичинде балдар курман болгондугун, 180ден ашуун адам жаракат алгандыгын, 33 миңден ашуун адам жер которууга аргасыз болгонун, жүздөгөн турак үйлөр, билим берүү жана инфратүзүмдүк объектилер талкаландыгын билдирди. 

БУУнун чыр-чатактан жабыркагандарга гуманитардык жардам көрсөтүү, ошондой эле куралдуу кагылышуулар зоналарынан эвакуацияланган ички жер которгон адамдарга жардам көрсөтүү маселелерин карап чыгат. 

Баткен облусунда Тажикстандын куралдуу кол салуусунан 33 миң жаран үйлөрдүн таштап качышты. 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18