24.kg
10:17, 04 мая 2021, 24.kg

Казакстанда аттракциондогу кырсыктан сегиз бала жаракат алды

Казакстандын Орол шаарында аттракциондогу кырсыктан сегиз бала жаракат алды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Маалыматка караганда, аттракцион күтүүсүздөн чукул токтоп, андагы 5-10 жаштардагы сегиз бала жерге кулап түшкөн.

Облустук саламаттык сактоо башкармалыгы жаракат алган балдар ооруканага жетирилгенин билдирди. Медициналык текшерүүдөн кийин алардын эч кимисинин мээси чайкалбаганы, сыныктары жок экени аныкталып, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Кырсык катталган шаардык парктагы жеке менчик аянтчанын өкүлү азырынча аттракциондун эмне себептен чукул токтоп калганы белгисиз экенин кабарлады. Анын айтымында, жакында эле андагы бардык аттракциондор текшерүүдөн өткөрүлүп, эч кандай мүчүлүштүктөр аныкталган эмес.

Орол шаардык полиция департаменти бул факты боюнча «Коопсуздук талаптарына жооп бербеген кызматтарды көрсөтүү» беренеси боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталганын билдирди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18