24.kg
11:30, 30 апреля 2021, 24.kg

Чек арадагы чатак. Тажик тарап Интернационал айылынын башчысын барымтага алды

Баткенде Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысын тажик тарап барымтага алды. Бул тууралуу 30-апрелде эртең мененки саат 11де Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, «Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Борбордук айылын тажик аскерлерине тийиштүү техника аралап жүрөт. Интернационал айылынын «Жилой дом» участогундагы кыргыз жарандарынын үйлөрүнө тажик аскер кызматкерлери кирип алган. Интернационал айылынын башчысы ошол жерге жакын аймакта эки кыргыз жараны каза болгону тууралуу маалыматты тактоо үчүн барганда тажик жарандары аны барымтага алып алышкан».

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18