24.kg
11:04, 30 апреля 2021, 24.kg

Чек арадагы чатак. Баткен облусундагы абал Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө

Баткен облусунда КР биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков башында турган жумушчу топ иш алпарууда. Жумушчу топ жерине баргандан бери жаңжалды жөнгө салуу боюнча бир катар чараларды көрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Эки өлкөнүн чек ара аймактарындагы куралдуу жаңжалды жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын өкмөттөрүнүн демилгеси менен түзүлгөн комиссиялар, окуянын себептери менен кесепеттерин талкуулап, куралдуу кагылышууну токтотуп, жеке бөлүктөрдү жана аскер техникаларсын туруктуу жайларына чыгарып кетүү жөнүндө билдирүүгө кол коюшту.

Мамлекеттик чек арада чыңалууну болтурбоо жана күчөтпөө боюнча чаралар көрүлүп жатат.

Мамлекеттик чек аранын Баткен облусунун кыргыз-тажик тилкесиндеги бул окуя кыргыз элинин биримдигин, тилектештигин, мекенчилдигин жана жаңжалды жөнгө салууга катышууга умтулгандын көрсөттү. Өткөн түнү Кыргызстандын көптөгөн жарандары чек ара аймагына барып, чыр-чатакты жөнгө салууга ар тараптуу жардам көрсөтүүнү каалагандарын билдиришти.

Учурда чек арага ыктыярчыларды жиберүүнүн зарылчылыгы жок. Кыргызстандын жарандары бул ишти мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан тийиштүү мамлекеттик органдарга тапшыруусу керек. Чыңалуунун очогу жоюлду, кырдаал сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жөнгө салынды. Өкмөттүн жумушчу тобу өз ишин улантып жатат. Бардык жардамдар, дары-дармек, азык-түлүктөр Баткен облусуна токтоосуз жеткирилүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18