24.kg
17:25, 29 апреля 2021, 24.kg

Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү

Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде, өкмөт мүчөлөрү менен Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма соз кызматы билдирди.

Өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн, бул кырдаалга тартылган мамлекеттик органдардын жетекчилеринин маалыматтары угулду.

Ыкчам кеңешменин жыйынтыгында түзүлгөн кырдаалды иликтөө жана жөнгө салуу боюнча биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков башында турган жумушчу топ түзүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Тышкы иштер министрлигинин алдына дипломатиялык каналдар аркылуу тынчтык жолу менен кырдаалды жөнгө салуу боюнча иштерди улантуу милдети коюлду.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18