24.kg
14:30, 29 апреля 2021, 24.kg

Чек арадагы чатак. Жергиликтүү бийлик түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Жергиликтүү бийлик чек аралаш аймакта түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу КРнын өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. 

Баткен районунун Тажикстан менен чектеш аймагында орун алган кырдаалга байланыштуу чек аралаш аймактын тургундарына түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Баткен облусунун башчысы Омурбек Суваналиев менен Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода, бүгүн 29-апрелде чек арадагы абал боюнча эки ирет телефон аркылуу, кырдаалды турукташтыруу боюнча сүйлөшүштү.

КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тапшырмасы менен, өкүлдүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев жана Баткен районунун акими Акылбек Орозовдор, чек арада топтолгон жарандар менен жолугуп, жаралган бардык маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечүү үчүн, бардык аракеттер көрүлүп жатканын айтып, элге кырдаалды курчутпоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Жетекчилер абал күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө экенин айтып, элди үйлөрүнө тарап кетүүгө чакырып жатышат.

Аймакта эки тараптын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да жолугуп, сүйлөшүүдө.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18