24.kg
18:17, 28 апреля 2021, 24.kg

Ооган абагында 12 кыргызстандык камалганы маалым болду

Ооганстандын Улуттук коопсуздук башкармалыгынын башчысы Ахмад Зия Сараж жоочулардын катарында согушкан жана ар кандай оор кылмыштарга барган «Ислам мамлекети» террорчул тобунун 408 мүчөсү абакта отурганын билдирди. бул тууралуу «Азаттык» жазып чыкты.

Анын айтымында аталган адамдар кезинде Ооганстанга ар кайсы тараптан келип, жоочулардын катарында же болбосо мыйзамсыз куралдуу жалданма топтордун арасында жүрүп камакка алынган 14 мамлекеттин жарандары экени аныкталган.

Ахмат Зия Сараж учурда мына ошол 14 мамлекеттин тиешелүү бийлик органдары менен аталган абактагылар тууралуу сүйлөшүүлөр жүргөнүн билдирди. Бирок ал кайсы мамлекеттер менен сүйлөшүү жүргөнүн жана анда абактагы чет элдик жалданмаларды өткөзүп берүү маселеси каралганын тактаган эмес.

Анын айтымында Ооганстандын түрмөлөрүндө отурган «Ислам мамлекети» тобунун 408 мүчөсүнүн 299у Пакистандан баргандар. Ахмат Зия Сараж ДАИШтин 60 пайызын пакистандыктар түзгөнүн кошумчалады.

Ооганстанда куралдуу жалданма топтордун катарында жүрүп колго түшкөндөрдүн арасында Өзбекстандын 37, Тажикстандын 13 жана Кыргызстандын 12 жараны бар экени белгиленди. Мындан сырткары Түркиянын, Орусиянын, Кытайдын, Ирандын, Иорданиянын, Бангладештин, Индиянын жана Алжирдин жарандары бар экени айтылды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18